Редакцияот 27.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы

2016-жылдын 27-февралы № 191

“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”

К.Нанаев атындагы Арал орто мектебине видео көзөмөл коюу , Арал айыл өкмөтүнүн кеңсесине таза суу киргизүү жана айылдагы көчөлөргө кум-шагыл төгүү тууралу арыздарды карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги XXXXIII – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебине видео көзөмөл коюу , Арал айыл өкмөтүнүн кеңсесине таза суу киргизүү жана айылдагы көчөлөргө кум-шагыл төгүү тууралу арыздарды айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн акча каржатын бөлүп, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  2. Кум-шагыл төгүү төгүу боюнча К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жаңы имаратын куруудан чыккан ашкан топуракты жана айылдагы кум-шагыл алган карьерден кум-шагыл ташып кошуп, төмөндөгү көчөлөргө төгүү жагы белгиленсин. Алар:

-          Чыныке -Бий көчөсүнүн баш жагына(Матаев Мамырбектин үйүнүн тушуна) жана мектептен ылдый айыл өкмөтүнүн кеңсесине чейин

-          Сман уулу Кабылбек көчөсүнө;

-          Эсенаманов Турдугул көчөсүнө;

-          Арыз боюнча Шабданов Бейшенбек жашаган көчөгө;

-          Т.Жумабаев көчөсүнө;

  1. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Ж.Медетов