Редакцияот 09.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIV – сессиясы

2016-жылдын 9-апрели № 201

“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”

Арал айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXIV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сырттан келип айылга ишкерлик жүргүзгөн ишкерлер патент алуу аркылуу иш жүргүзүүсүн көзөмөлдөө жагы райондук салык кызматынан суралсын .
  2. Арал айыл өкмөтүнүн кеңсесинен Арал айыл өкмөтүнүн почтасына чейинки аралыкта жашаган айыл тургундарынын арыздарынын негизинде Арал айылында 5-квартал түзүлсүн. Жаңы түзүлгөн кварталга Элдик баатыр Сейдесанов Күмүшбектин аты коюлсун жана квартал башчысына Шабданов Курманбек шайлансын.
  3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилди.

 

Төрага

А.Ж.Медетов

катчысы

Н.Р.Айдарбеков