Редакцияот 07.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынынХIV-сессиясы

 

2018-жылдын 07-майы № 1

07-май 2018-жыл Дароот-Коргон айылы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин 1-кварталында аткарылышын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Меражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин 1-кварталындагы аткарылышы боюнча маалыматын угуп талкуулап алтынчы чакырылышынын депутаттарынын ХIV-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин 1-кварталындагы киреше бөлүгү 10037,5 миң сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү 9819,4 миң сомго бекитилип төмөнкүдөй бөлүнүп

-аппаратка 3224,8 миң сом

-мектептерге 357,4 миң сом

-бала бакчаларга 1940,0 миң сом

-китепканаларга 71,7 миң сом

-маданий иш чараларга 199,0 миң сом

-клубтарга 88,6 миң сом

-өзгөчө кырдаалдарга 500,0 миң сом

-ЖКХ 3395,9 миң сом

-социалдык жардамдарга 42,0 миң сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маматназаров