Редакцияот 11.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 11-февралы № 1/11

 Араван РМАнын 2016-жылдын 16-декабрындагы катына ылайык айылдык аймактардын башкы пландарын жана шаар курулуш документтерин электрондук версиясына өткөрүү максатында 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Араван РМАнын 2016-жылдын 16-декабрындагы № катына ылайык айылдык аймактардын башкы пландарын жана шаар курулуш документтерин электрондук версиясына өткөрүү максатында 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Араван РМАнын 2016-жылдын 16-декабрындагы № катына ылайык Айылдык аймактардын башкы пландарын жана шаар курулуш документтерин электрондук версиясына өткөрүү максатында 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушу айыл өкмөтүнүн кошумча каражатынын эсебинен аткарууга алынсын.

2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеёештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Жунус уулу Илязбек