Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
5-чакырылыш кезексиз 1-уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 14-январы № 4
Салам-Алик айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктун жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын экинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Салам-Алик айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулмурзаев |
| Салам-Алик айылдык КЕҢЕШИНИН 2017-ЖЫЛДЫН 14-ЯНВАРЫНДАГЫ № 4 токтому менен бекитилген |
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык өкмөттүн (округдун) башчысын шайлоо жана мыйзам чегинде ишеним көрсөтпөө;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;