Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2018-жылдын 20-апрели № 2/3

Жаз, Күз мезгилдеринде эгин айдалган, чөп чабынды жерлерди коруу жөнүндө

Мин-Булак айыл аймагындагы жаз жай күз мезгилдеринде дан эгиндерин, чөп чабынды талааларын коруу үчүн Мин-Булак айылдык өнүктүрүү фондунан 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Миң- Булак айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл аймагындагы дан эгиндерин чөп чабынды жерлерин корууга алынсын.

2. «Мин-Булак айыл аймагын +нүктүрүү Фонду» мекемесинен корук коруган адамдарга 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.

 

Төрага

К.Асанов