Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2018-жылдын 20-апрели № 2/7

өрнөк айылына мунйипалдык этнокомплекс куруу үчүн жер аянтын транцформациялоого сунуштоо жөнүндө

Мин-Булак айыл аймагындагы Өрнөк айылындагы Бишкек-Торугарт жолунун күн батыш тарабындагы пайдаланылбай турган жайыт жерин транцформациялоого максатында Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мунципалдык этнокомплекс куруу үчүн Мин-Булак айыл аймагындагы Өрнөк айылындагы Бишкек-Торугарт жолунун күн батыш тарабындагы пайдаланылбай турган жайыт жеринен 7 га жерди транцформациялоо үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.

 

Төрага

К.Асанов