Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2018-жылдын 20-апрели № 2/11

“Билге ”билим таймашын өткөрүү үчүн А. Тыныбек атындагы орто мектебине өтүлүүчү семинарга кызыктыруучу сыйлыктарга акча каражатын берүү жөнүндө

Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен А. Тыныбек атындагы орто мектебинде өтүүчү “Билге” билим таймашын өткөрүү үчүн 30000 (отуз мин) сом акча каражатын берүү максатында Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл аймагындагы А.Тыныбек атындагы орто мектебинде өтүүчү “Билге” билим таймашын өткөрүү үчүн «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен кызыктыруучу сыйлыктарга 30000 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.

 

Төрага

К.Асанов