Редакцияот 28.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX- чакырылышы кезектеги 5 – сессиясы

 

2018-жылдын 28-июну № 11

«Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2018-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы жөнүндө»

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2018-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 5 - cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2018-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2018-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы бекитилсин.        /программа тиркелет/

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Төрага

С.Сансызбаев