Редакцияот 19.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы 

2018-жылдын 19-марты № 42

Туруктуу комиссиялардын 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө

Ничке-Сай айылдык Кеңешинин 2017-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө туруктуу комиссиялардын төрагаларынын берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ничке-Сай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын 2017-жылда жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Мындан ары да жоопкерчилик жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына сунушталсын.

3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу  күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Т.Эрмекбаев