Редакцияот 19.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы 

2018-жылдын 19-марты № 45

2017-жылдын 06-апрелиндеги №11 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Ничке-Сай айылдык Кещенинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясындагы 2017-жылдын 06-апрелиндеги №11 ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1467,9 жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү токтомун жокко чыгаруу жөнүндө айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ничке-Сай айылдык Кещенинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясындагы 2017-жылдын 06-апрелиндеги №11 ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1467,9 жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү токтому жокко чыгарылсын.

Ничке-Сай айылдык Кещенинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясындагы 2017-жылдын 06-апрелиндеги №11 ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1467,9 жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү токтому 2018-жылдын 19-мартынан баштап күчүн жоготкондугу жөнүндө ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына маалымат берилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга  милдетендирилсин.

Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу  күчүнө кирет.

Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Т.Эрмекбаев