Редакцияот 24.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынынкезексиз XIV сессиясы

2018-жылдын 24-апрели № 52

Жайыт комитетинин 2018-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбектин 2018-жылга түзүлгөн иш планынын долбоорун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2018-жылга түзүлгөн иш планынын долбоору бекитилсин.

2. 2018-жылга жылкы – уй малдар үчүн ар бир башына 100 (жүз) сом, кой – эчкилер үчүн ар бир башына 20 (жыйырма) сомдон салык жыйымы белгиленсин.

3. Сырттан келген жылкы – уй малдар үчүн ар бир башына 100 (бир жүз) сом, кой-эчкилер үчүн ар бир башына 20 (жыйырма) сомдон салык жайымы бекитилсин.

4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу  күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Т.Эрмекбаев