Редакцияот 24.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги IX-сессиясы

2018-жылдын 24-апрели № 10

Көк-арт дарясынын жээгинен ижарага жер иштетүү жөнүндө

Сузак айылынын Көк-Арт дарясынын боюнан айыл чарбасына жараксыз жер аянтынан ижарага берүү боюнча ,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак айылынын Көк-Арт дарясынын боюнан айыл чарбасына жараксыз жер аянтынан 5(беш) жылдык мөөнөткө бир жылына 3000(үч миң) ижарага берилсин.

2. Токтомду көзөмөлдөө Сузак айыл өкмөтүнө жана айылдык кенештин бюджет комитетине милдендирилсин.

 

Төрага

Хакимов Ж.