Редакцияот 20.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII–чакырылышынын IХ-сессиясы 

2018-жылдын 20-июлу № 5

«ДЕП-38 ишканасынын кайрылуу катына негиз Ак-Суу – Кызыл-Жар12 авто жолунун 22-чакырымынан Ак-Суу айыл аймагынан кум-шагыл казып алууга уруксат берүү жөнүндө»

ДЕП-38 ишканасынын кайрылуу катына негиз Ак-Суу – Кызыл-Жар12 авто жолунун 22 - чакырымынан Ак-Суу айыл аймагынан кум-шагыл казып алууга уруксат берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ДЕП-38 ишканасынын кайрылуу катына негиз Ак-Суу – Кызыл-Жар12 авто жолунун 22-чакырымынан Ак-Суу айыл аймагынан кум-шагыл казып алууга уруксат берилсин.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому,  Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Т.Табериковага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Эшалиев