Редакцияот 16.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2018-жылдын 16-марты № 2

Таштанды таштоочу жайдын кыртышын бузгандыгы жөнүндө

Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондор аралык аймактык башкармалыгынын 2017-жылдын 26.12. № 0015281 сандуу текшерүү актысынын негизинде маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Масы айыл аймагына караштуу таштанды таштоочу 5 га жер тилкесинин жер кыртышын бузгандыгы үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 304 920 (үч жүз төрт миң тогуз жүз жыйырма) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Нарматов