Редакцияот 14.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын - 14 майы № 1

«Нарын» мамлекеттик асыл тукум жылкы заводу жөнүндө

 

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагындагы «Нарын» мамлекеттик жылкы заводунун абалын эске алып, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы, депутаттардын сунуштарын жана ой-пикирлерин эске алып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагындагы «Нарын» мамлекеттик асыл тукум жылкы заводун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюп берүү жагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунан суралсын.

2. Токтомду тийиштүү органдарга жеткирүү жагы «Нарын» мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунун директору Б.Абдрахмановго жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.

3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

А. Эсенбеков