Редакцияот 29.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын - 29 сентябры № 1

Комиссия түзүү жөнүндө

 

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын капиталдык ремонттунун сапаттуу жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу максатында Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын капиталдык ремонттунун сапаттуу жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу максатында төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.

Эсенбеков Адыл Эсенбекович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин төрагасы- комиссиянын төрагасы

Мүчөлөрү:

Олжобаев Адилет Асанкадырович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты

Арпачиев Талантбек Шарипович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты

Турузбаев Рүстөм Мурзабекович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты

Моютов Каныбек Аманбекович- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

2. Комиссия мүчөлөрүнө административдик имараттын капиталдык ремонтунун сапаттуу жазалышына дайыма көзөмөлдүк кылуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

А. Эсенбеков