Редакцияот 20.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII-кезексиз сессиясы

2016-жылдын - 20 сентябры № 151

«АКБнун жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө»

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII -кезексиз сессиясы АКБнун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII -кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АКБнун – 776,42 га жери, анын ичинен сугат – 280,77 шарттуу сугат – 192,49 га, кайрак – 236,16 га чөп ормо – 67 га жерлери ижарага берүү боюнча аукционго коюлсун жана Эски-Покровка айылында 2016-жылдын 22-23- сентябрында өткөрүлсүн.

2. Аукционго койула турган жерлердин контурларын, лотторун аныктоо иштерин жүргүзүү жер комиссиясына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Мусаев