Редакцияот 20.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII-кезексиз сессиясы

2016-жылдын - 20 сентябры № 156

Кызыл-Октябрь айылына муниципалдык менчиктеги жабык түрдөгү минифутбол аянтчасын курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII-кезексиз сессиясы Кызыл-Октябрь айылынын калкынын минифутбол аянчасын курууга жер ажыратып берүү жөнүндөгү жергиликтүү калктын арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылындагы М.Тешебаев атындагы кооперативинин кырманы ээлеген жерден муниципалдык менчиктеги жабык түрдөгү минифутбол аянтчасын куруу үчүн 0.10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

К. Мусаев