Редакцияот 13.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы

 

2016-жылдын 13-февралы № 103

«Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын №16 Н.Кайназаров атындагы орто мектебин жана кателныйын ремонттон өткөрүүгө уруксат берүү жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө»

 

Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовдун Семиз-Көл айылынын №16 Н.Кайназаров атындагы орто мектебин жана кателныйын ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каржылоону бекитип берүүсү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Семиз-Көл айылынын №16 Н.Кайназаров атындагы орто мектебин жана кателныйын ремонттон өткөрүүгө уруксат берилсин.

2.Долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен 53277(элүү үч мин эки жүз жетимиш жети) сом үлүштүк акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине киргизилип, бекитилип, ажыратылып берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «финансы, бюджет, экономика боюнча» туруктуу комиссиясына(У.Турдумаматов) тапшырылсын.

 

Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы

Н. Кыдыргычева