Редакцияот 29.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын ХХ-сессиясы

 

2016-жылдын - 29 февралы № 20/3

«Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын киреше бөлүгүнөн 2016-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө»

 

Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын К.Көкүмбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын XХ- сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын киреше бөлүгүнөн 2016-жылга калган 570,1( Беш жуз жетимиш миң бир жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:

-Мектептердин учурдагы чарбалык максаттары үчүн 180,0 миң сом

 -Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 10,0 миң сом

 -Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ички жолдорун оңдоо үчүн 80,0 миң сом

 -Резервдик ротанын чыгымына 30,0 миң сом

 -МЧС үчүн 100,0 миң сом

 - Конторанын чатырчасын оңдоо үчүн 50,0 миң сом

 - Арыктарды оңдоо үчүн 15,0 миң сом

 -Терс айылына сел тосмо куруу үчүн 30,0 миң сом

 -Жерлерди трансформациялоо үчүн 50,0 миң сом

 - Зарыл болгон жумуштар үчүн 25,1миң сом

 Жалпысы 570,1( беш жуз жетимиш миң бир жуз ) сом жумшалсын..

2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

3 . Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет

 

Төрага

Байышов. Э