Редакцияот 21.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

10-сессия

2018-жылдын 21-июну № 55/X-27

Ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгын кароо жөнүндө

 

Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунда №20 ББУнун жетекчиси Г.Б.Аманкулованын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо жөнүндө чечимин карап чыгып жана талкуулап

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарынын мэриясы:

- ата-энелердин арызына байланыштуу райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте №20 ББУнун жетекчиси Г.Б.Аманкулованын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу боюнча маселени карап чыксын.

2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 3-сентябрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.

 

Төрага

А. Шайлдабеков