Редакцияот 27.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 27-январы № 11

Өзгөрүш айылынын тургундарынын арызынын негизинде акча каражат бөлүп берүүсү жөнүндө

 

Өзгөрүш айылынын тургундарынын арызынын негизинде Талас областынын жаштар арасындагы өткөн конкурстун жеңүүчүлөрү Бейшенов Аскарбек жана Замирбек уулу Мирланга клип тарттыруусуна акча каражат бөлүп берүүсү жөнүндө Өзгөрүш айыл аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын 1-сессиясында карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айылынын тургундарынын арызынын негизинде Талас областынын жаштар арасындагы өткөн конкурстун жеңүүчүлөрү Бейшенов Аскарбек жана Замирбек уулу Мирланга клип тарттыруусуна 5000 (беш миң) сомдон экөөнө 10000 (он миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатынын бөлүп берүү жагы Э.Батыркановага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов