Редакцияот 27.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 27-январы № 14

Акурчуктун алдындагы ФПСтин 1137-контурдагы 10 га жерди суу барбаганына байланыштуу конкурстун негизинде алмабакка берилүүсү жөнүндө

 

Акурчуктун алдындагы ФПСтин 1137-контурдагы 10 га жерди суу барбаганына байланыштуу конкурстун негизинде алмабакка берилүүсү жөнүндө Өзгөрүш айыл аймагынын Кеңешинин VI-чакырылышынын 1-сессиясында карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алмабакка конкурстун негизинде берилгенден кийин ижара акысы гектарына 500 сомдон жана налог, соцфонддун төлөсүн.

2. 10 гектарынын ичинен 2гасына өрүк тигилип калганына байланыштуу 8га конкурска коюлат.

3. Конурстун өткөрүү жагы жер комитети жана жер адиске жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов