ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-марты № 1
«Альфа» Телеком менен түзүлгөн келишимге толуктоо өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өзгөрүш айыл кенешинин 2014 жылдын 25 мартындагы болуп откон 4- сессияда «Альфа» Телеком байланышынын абоненттери кобойбогондугуно байланыштуу тузулгон келишимге толуктоо озгортуулорду киргизуу максатында Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылы «Альфа» Телеком менен түзүлгөн келишиминде аренда акысы 4000 (төрт)миң сом, ал эми 2014 жылда абоненттердин көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2014 жылдын январь айындагы келишимге өзгөртүү киргизип аренда акысы 8000 (сегиз миң) сом болуп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын финансы бөлүмүнүн башчысы Э. Батыркановага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бечелов |