Редакцияот 25.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-марты № 6

Өзгөрүш айылынын тургуну Э.Өзүбековдун арызы жөнүндө

 

Беш-Булак айылындагы кум алуучу 0,30 сотых карьерди кайра калыбына келтирүү боюнча Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2014 жылдын 25 мартындагы 4-сессиясында карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айылынын тургуну Э.Өзүбековко Беш-Булак айылындагы кум алуучу 0,30 сотых карьерди ижарага алып кайра калыбына келтирүү боюнча мөөнөтү 5 жылга берилсин.

2. Өзгөрүш айыл аймагынын ижара боюнча келишим түзүү жагы К.Кенекеевке жана жер комиссиясына жүктөлсүн.

3. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Бечелов