ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 5
Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 08-октябрындагы болуп өткөн 6-чакырылышынын 9-сессияда Өзгөрүш айыл аймагынын тургуну Т.Соорбековдун арызын карап чыгып Өзгөрүш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукционго коюлуп, убагында алган ээси тарабынан пайдаланбаган 0,30 га жер Т.Соорбековго 4 жылдык мөөнөткө ижара акысы 600 сом, соц. фонд, налогу ижара акысынан тышкары төлөнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жер адиси С.Джаманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Э.Ниязалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бечелов |