Редакцияот 11.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 11-майы № 10/3-27

Малды жаюу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

Жайыт пайдалануучулар коомунун төрагасы К.Башизанын маалыматын угуп жана талкуулап Милянфан айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Малды жаюу үчүн баасы бекитилсин:

-          Бодо мал, жылкылар – 80 сом/ 1 башына;

-          Жаш мал – 55 сом / 1 башына;

-          Майда мүйүздүү мал – 20 сом/ 1 башына.

2. Бул токтомдун аткарылышын жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Губезага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Мачан