Редакцияот 29.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-сентябры № 47/ VIII –27

Мектеп мугалимдерине батир акысын жана жол кире акысын төлөп берүүнү кароо жөнүндө

 

Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В. Гарбузняктын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралган маселе - мектеп мугалимдерине батир акчасын да, жол кире акысын да төлөп бере албастыгын угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу мектеп мугалимдеринин батир акысы жана жол кире акысын төлөп берүүдөн баш тартылсын.

2. Токтомду аткаруу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

А. Албекенов