КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 6-февралы № 2
Чоң Кара-Буура айылындагы Жаштык көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Буура айыл кеңешинин депутаты Б.Абдыкарованын Чоң Кара-Буура айылындагы Жаштык көчөсүнүн аталышын Акматов Каныбек атындагы көчө кылып өзгөртүү тууралуу маалыматын угуп айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң Кара-Буура айылындагы Жаштык көчөсүнүн аталышы Акматов Каныбек атындагы көчө болуп аталышын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |