Редакцияот 23.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын XХIII сессиясы

 

2015-жылдын 23-апрели № 4

Кара-Буура айылдык кеңешинин депутаты Жумабеков Данияр Шейшеновичтин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө

 

Кара-Буура айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты Жумабеков Данияр Шейшеновичтин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу максатында Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумабеков Данияр Шейшенович Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мамлекеттик кызмат ордун ээлегендигине байланыштуу жана өз арызына ылайык 2012-жылдын 25-ноябрындагы №9 күбөлүгү жокко чыгарылсын жана депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.

2. Кийинки көп добуш алган катардагы депутатка мандат берүү жагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков