Редакцияот 12.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы

 

2015-жылдын 12-ноябры № 3

Кызыл-Адыр айылындагы 380/51,8-контурундагы Жаңы Конуштун 13-көчөсүнүн атын коюу жонүндө

 

Кызыл-Адыр айылындагы 380/51,8-контурундагы Жаңы Конуштун 13-көчөсүнүн тургундарынын 13-көчөнүн атын Козубеков Ашырбек атындагы көчө деп атоо тууралуу кайрылуусун карап жана талкуулап Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Адыр айылындагы 380/51,8-контурундагы Жаңы Конуштун 13-көчөсү Козубеков Ашырбек атындагы көчө болуп коюлсун.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков