Редакцияот 12.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы

 

2015-жылдын 12-ноябры № 4

Кызыл-Адыр айылындагы К.Маркс кайрылышынын түндүк-батыш тарабындагы VII, VIII, IX, көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө

 

Кызыл-Адыр айылындагы VII, VIII, IX, көчөлөрүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизин карап жана талкуулап, жогоруда көрсөтүлгөн көчөлөрдүн аталышын Бекболотов Тургунбек атындагы көчө деп өзгөртүү тууралуу Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Адыр айылындагы VII, VIII, IX, көчөлөрүнүн аталышы Бекболотов Тургунбек атындагы конушу болуп өзгөртүлсүн

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков