Редакцияот 27.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018 -жылдын 27 -июлу № 60/X-27

Узун-Кыр айылдык кеңешинин 27.01.2017-жылындагы № 13 / 11- 27 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Ысык-Ата райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 11-03/18 номерлүү “Узун-Кыр айылдык кеңешинин 27.01.2017-жылындагы № 13 / 11- 27 токтомун жокко чыгаруу боюнча” берилген каршылык билдирүүсүнүн негизинде, Узун-Кыр айылдык округунун айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айылдык кеңешинин 27.01.2017-жылындагы № 13/11-27 ”Узун- Кыр айылдык округунун жер, турак-жай, муниципалдык менчиктерин аукцион, конкурс аркылуу сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиянын түзүмүн бекитүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын түзүмү такталып, Типтүү Жобого ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү –Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы- Т.Кадыркуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев