Редакцияот 31.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2018 -жылдын 31 -майы № 17/4

Айыл өкмөт аймагындагы жайгашкан фермердик чарбалардын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү жана алардын экономикалык абалы жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы фермердик чарбалардын жүргүзүп жаткан иши боюнча билдирүү көнүлгө алынсын, социалдык объектилерге берилип жаткан жардамдар улантылсын.

2. Ижара акыны келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин ижара акыны жогорулатуу жөнүндө мыйзам чегинде каралсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрагасынын орун басары

Б. Сатывалдиев