ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 18-январы № 120/16-4
Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын курамында өзгөртүүлөр болгонуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 16-январындагы № 6 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 29.04.2016-ж.№ 2/1-4 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Сатыбалдиев Уланбек Султанбекович шайлансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |