Редакцияот 13.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XX СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 13-апрели № 134/20-4

Совет көчөсүнөн – Өтмө жолдун автобус бекетинде унаа паркинги үчүн жекшемби күндөрү акы алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен,Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Совет көчөсүнөн – Өтмө жолдун автобус бекетинде унаа паркинги үчүн жекшемби күндөрү 10 (он) сом өлчөмүндө акы алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А. Солтобаев