Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы № 137/21-4
Токмок ш. мэриясынын Токмок шаарынын “Коммуналдык ишканалар комбинаты МИнын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31 беренесин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын “Коммуналдык ишканалар комбинаты” директору кызмат ордуна - Жакупбеков Эмилбек Токтосуновичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |