Редакцияот 18.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХIII- сессиясы

 

2018-жылдын 18 -майы № 13/1

Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун №1-12/374 14.05.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/374 14.05.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХIII - сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы ХРУ «Шар-Булак» ишканасы шаар ичиндеги суу түтүкчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө ЕБРР аркылуу өтүп жаткан долбоорго катышсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриянын өнөр-жай курулуш жана коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси Ж.Камбаровго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б. Маткаримов