Редакцияот 07.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2015-жылдын 7-февралы № 3

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2015-жылга бюджеттен жана атайын эсеп счетунан калган акча каражатын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы башкы бухгалтер Р. Аманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Жерге-Тал айылдык округунун Кеңешинин XXV чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2015-жылга бюджеттен калган калдык акча каражатынан 231500 сом төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин.

2214-30000

2215-20000

2218-70200

2222-20500

2224-65000

2232-25800

Баары-231500 сом.

2. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2015-жылга атайын эсеп счетто калган калдык акча каражатынан 47400 сом төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин:

2218-47400

Баары: 47400 сом

3. Бул токтомдун аткарылышы бөлүм башчы-башкы бухгалтер Р. Амановага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргьгз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

К. Исаков