Редакцияот 07.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын кезексиз XX сессиясы

 

2015-жылдын 7-апрели № 5

Жерге-Тал айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 6-апрель 2015-жылдагы сунуш катын кароо жөнүндө

 

Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагынын карамагындагы «Тектир-Саз», «Бөрүлү», «Кызыл-Чыбыр» жазгы-кышкы жайыты жана «Сары-Жон» күзгү жайыты такырланып, деградация абалына жеткендигине байланыштуу эс алдыруу максатында 5 жылдык мөөнөткө мораторий жарыялансын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып иш жүргүзүү жагы жайыт комитетинин торагасы А. Өмүровго жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Ш. Султаналиев