Редакцияот 10.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 10-октябры № 3

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз, Жалгыз-Терек айылдарындагы жер участокторунан элдин күнүмдүк керектөөсүнө топурак, кум, шагыл алууга эжана таштандыларды төгүүгө участкаларды бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Топурак алууга

•         Жерге-тал айылы. «Московский» участогунан 1,0 га

•         Жерге-Тал айылы. Өмүрзактын сарайынын үстү 0,50 га

•         Жалгыз-Терек айылынан «Айылдын башы» участогунан 0,20 га

•         Кызыл-Жылдыз айылынан «Кичи-Көндөй» участогунан 0,20 га

 

Кум, шагыл алууга

•         Жерге-Тал айылы. «Мектептин асты» участогунан 0, 35 га

•         Жерге-тал айылы. «Ак күмбөз» участогунан 0,50 га

•         Жалгыз-Терек айылынан «Айылдын башы» участогунан 0, 50 га Кызыл-Жылдыз айылынан «Коён токой» участогунан 0, 30 га

 

Таштандыларды төгүү үчүн

 

•         Жерге-Тал айылы «Тынымдын сарайы» участогунан 0, 10 га

•         Жерге-Тал айылы «Спаренный сарайы» участогунан 0, 10 га

•         Жалгыз-Терек айылынан «Айылдын башы» участогунан 0, 15 га

•         Кызыл-Жылдыз айылынан «Кондой» участогунан 0, 20 га

Жогорудагы жер участоктору жалпы элдин пайдалануусуна бөлүнүп берилсин.

1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Султаналиев