Редакцияот 10.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 10-октябры № 5

Кызыл-Жылдыз айылында кой купкалоочу пунктка жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө

 

Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жылдыз айылындагы Казы-Ата участкасынан 500 м.кв аянт Шоңкоев Каныбекке кой купкалоочу жай куруу үчүн 7 жылдык мөөнөткө 2014-жылдын № 5/1 жер комиссиясынын чечиминин негизинде убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jerge-tal naryh-region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Ш. Султаналиев