Редакцияот 02.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Актурпак айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 2-марты № 22/1

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы болумунун башчысы- башкы эсепчи Н.Кожоевдин Ак-Турпак айыл өкмөтүнун 2015-жылга бюджети «Кыргыз Республикасынын бюджеттери жөнүндө» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Турпак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Ак-Турпак айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилерди Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге Кызыл-Коргон айылындагы ФАП тын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катарында 89,6 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. 2015-жылгы бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясына толук расчеттору менен бекитилсин.

3. Финансы Экономика каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Н.Кожоевге бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүу жагы милдеттендирилсин.

4. Кадамжай райондук аймактык каржы бөүмунөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Имаров