Редакцияот 15.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтуу өз-алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттардын көзексиз XXI сессиясы

 

2011-жылдын 15-апрели № 3

"Боо-Терек айыл округунда жайгашкан "Күмүштак" орто мектебинин наамын, жалпы билим берүүчү "Бейшен Сатыбеков" атындагы орто мектеп деп, өзгөртүү жөнүдө"

 

Боо-Терек айыл округунун "Күмүштак" орто мектебинин мүдүрү К. Садабаеванын, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жиберген 15.04.2011-жылдагы №01\19 сунуштама катын жана "Күмүштак" орто мектебинин 08.04.2011-жылдагы педагогикалык Кеңешинин № 4 протоколун чечимин угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айыл округунда жайгашкан "Күмүштак" орто мектебинин наамы жалпы билим берүүчү "Бейшен Сатыбеков" атындагы орто мектеп болуп өзгерүлсүн.

2. Боо-Терек айыл округунда жайгашкан " Күмүштак " орто мектебинин наамы жалпы билим берүүчү "Бейшен Сатыбеков" атындагы орто мектеп болуп өзгөртүү жагы Бакай-Ата райондук Кеңешинен суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Смайылбеков