Редакцияот 15.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык округунун, XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеӊешиндеги депутаттардын көзексиз XXI сессиясы

 

2011-жылдын 15-апрели № 10

"Боо-Терек айыл округунун тургуну Мусабеков Манасбектин арызы жөнүндө"

 

Боо-Терек айыл округунун тургуну Мусабеков Манасбектин «жеңеси Суранбаева Гулсайранын 2,09 га үлүш жери жөнүндө» арызын карап, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мусабеков Манасбектин арызына карата, өткөн Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттардын кезексиз XX сессиясынын 1-токтому күчүндө болуп жана 1994-жылындагы проект реорганизациясынын жер реестри боюнча калсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Смайылбеков