Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 28-июну № 11

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Боо-Терек айылынын шайлоочуларынан мүчөлөрдү сунуштоо жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезексиз IХ-сессиясы Боо-Терек айылынын шайлоочуларынын Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервине мүчөлөрдү сунуштоо боюнча 2013-жылдын 15-июнундагы чогулушунун протоколун карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Смайылбеков Кенжебек Токонович жана Байтиков Омураалы Таштанович Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин мүчөлүгүнө Боо-Терек айылынын шайлоочуларынын атынан сүнушталсын жана бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Тойчубековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Кубанычбеков