Редакцияот 24.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

2016-жылдын 24-сентябры №145

Кызыл-Байрак айылында көрүстөн үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XXIII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Байрак айылында көрүстөн үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Кызыл-Байрак айылындагы көрүстөн толуп калгандыгына байланыштуу айылга жакын жайгашкан жайыт жерден көрүстөн үчүн жер аянты ажыратылсын.

2.  Көрүстөн үчүн ажыратылуучу жер аянтына керектүү иш кагаздарын даярдоо, которуу жана мамалекеттик катоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев