Редакцияот 29.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мады айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2015-жылдын 29-июлу № 16/75

Мады аймагында жеке турак үйлөрдө «Эне-Мектебин» ачуу жөнүндө

«Эрайым» Аялдар Коомдук Бирикмесинин Ош олусу боюнча жетекчиси Нарынкүл Дюшеналиеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Мады айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Мады айыл аймагында жеке тургундардын үйлөрүндө «Эне мектебинин» Жобосуна ылайык, тийиштүү тескөөчү мекеме-уюмдардын уруксатынын негизинде «Эне мектебин» ачууга уруксат берилсин.

2.  «Эне мектептерин» ачууга алгачкы уюштуруу мезгилинде көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айыл аймагындагы коомдук уюмдардан суралсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссияларына (Ж. Аматов, Б. Мадазимов) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

К. Султанбеков