Редакцияот 06.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2018-жылдын 6-марты № 6/6

Кара–Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

     Кара-Кулжа айылдык Кенешинин аймагындагы мекеме –уюмдардын эмгек жамаатынан жана айылдардагы элдик жыйындардан Кара –Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн 16.01.2018-жылдагы Б.Бегиев мектебинин эмгек жамаатынан №1-протоколу, 24.01.2018-жылдагы райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн эмгек жааматынын чогулушунун жыйынынын №1-протоколу, 26.01.2018-жылдагы Б.Маткадыров атындагы көчөнүн шайлоочуларынын №1 протоколу, 18.08.2017-жылдагы Ж.Эркебаев атындагы көчөнүн элдик жыйынын №7 протоколу, 25.01.2018-жылдагы А.Исманов атындагы көчөсүнүн шайлоочуларынын элдик жыйынын катышуучуларынын №1-протоколу, 24.01.2018-жылдагы райондук дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жамаатынын шайлоочуларынын жыйынынын №1-протоколу, Кара–Кулжа токой чарбасынын эмгек жамаатынын №1протоколу, 13.07.2017-жылдагы Суранбай көчөсүнүн элдик жыйынынын №4 протоколу, 24.01.2018-жылдагы №29 Кесиптик лицейинин эмгек жамаатынын №1-протоколу, 24.01.2018-жылдагы Үй –бүлөөлук медицина борборунун эмгек жамаатынан №1-протоколу, Кыргыз почтасынын райондук филиалынын эмгек жамаатынын №1-протоколдорун талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин эмгек жамаатынан жана айылдардын элдик жыйынынан көрсөтүлгөн жогорудагы протоколдору бекитилсин.

2.  Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекемелердин эмгек жамаатынан жана айылдардын элдик жыйынынан көрсөтүлгөн төмөндөгү тургундар Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунуш кылынсын:

1.  Кутубаев Кайратбек Кубанычбекович –райондук статистика бөлүмүндө башкы адиси.

2.  Турганбаев Кыялбек –Б.Бегиев атындагы орто мектебинин мугалими.

3.  Калыков Кошарбек Сатыбалдыевич - райондук статистика бөлүмүнүн адиси.

4.  Рысбай уулу Азамат-Кара –Кулжа айылынын Ж.Эркебаев көчөсүнүн тургуну .

5.  Жалалов Калмамат Мамытбекович-Кыргыз телеком ишканасынын инженери.

6.  Абдыкадыров Куштарбек – Кара –Кулжа спорт башкармалыгында инструктору.

7.  Мажунусов Аманбай Кадырович –Кара –Кулжа токой чарбасында инженери.

8.  Сейтакун уулу Эгемберди –Кара –Кулжа айылынын Суранбай көчөсүнүн тургуну.

9.  Жээнбекова Динара Бактыбековна -№29 Кесиптик лицейинде отдел кадр.

10.Ильясова Бегайым Мамасалиевна –Үй –бүлөөлүк медицина борборунун оператору.

11.Торобекова Назгул Ногойбаевна –Кыргыз почтасынын райондук филиалынын кызматкери

 

Төрага

Б. Саипов